ГАЗ ЭЛЕКТР РАЗРЯДЫ –

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗ ЭЛЕ́КТР РАЗРЯДЫ – электр тогунун газ аркылуу өтүшү. Бул учурда газ абалынын өзгөрүшү байкалат. Г. э. р-нын көп түрдүүлүгүн газдын баштапкы абалын аныктоочу шарттар, газга тийгизген сырткы таасир, электрод материалы, формасы ж-а жайгашышы ж. б. айкындайт. Электр тогунун металл ж-а электролиттен өтүү закондоруна караганда газдан өтүү закону татаалыраак болот. Г. э. р-нын бөтөнчөлүгү – өткөн ток ошол газдын касиетине күчтүү таасир этет. Газдагы заряд алып жүрүүчүлөрдүн концент-сы (электрондор ж-а иондор) өтө аз болсо, газ ток өткөрбөйт (диэлектрик). Иондошууда заряд көп болсо, газ жакшы өткөргүч болот. Г. э. р-нын түрдүү касиеттери ж-а мүмкүнчүлүктөрү анын кеӊири колдонулушуна шарт түзөт. Кубаттуу Г. э. р-нын жардамы м-н башкарылуучу термоядролук реакцияны пайда кылуу үчүн мүмкүн болгон эӊ жогорку темп-рага жетишилген; газ разряддуу жарык булактары үнөмдүү болуу м-н жогорку жарыктанууну алууга, керек учурда каалаган спектр курамын чыгарууга мүмкүндүк берет. Г. э. р. хим. синтезде, б. а. азот м-н абаны байланыштырууда колдонулат. Көп сандаган иондук аспаптар электрдик схемалардын элементи катары кызмат кылат; электр тогун кайра өзгөртүү үчүн чыӊалууну калыптандыруу, сигналдаштыруу ж. б. (газотрон, тиратрон, сымап түзөткүч, бүлбүлдөө разрядынын куралдары ж. б.) аткарылат. Г. э. р. келечекте жылуулук энергиясын түздөн-түз электр энергиясына айландыруу (магнит-гидродинамикалык генератор, термоэлектрондук өзгөрткүч) ж-а космос кемелеринде узакка созулган тартуу күчүн түзүүдө (плазмалуу ж-а иондуу кыймылдаткыч) кеӊири колдонулат.
Ад.: А. Энгель, М. Штенбек. Физика и техника электрического разряда в газах/Пер. с нем. Т. 1–2. М.; Л., 1935–36; Ю. П. Райзер. Основы современной физики газоразрядных процессов. М., 1980.