ГАЛАКТИКА
ГАЛА́КТИКА ( гр. galaktikjs – сүт сымал), С а м а н ч ы ж о л у с и с т е м а с ы – Күндү камтыган жылдыздардын чоӊ системасы. Ага планеталар системасы да (Жер дагы) кирет. Г. 100 млрддай жылдыздардан, о. эле жылдыз аралык мейкиндиктеги газдуу ж-а чаӊдуу тумандуулук, ар кандай жылдыз топтору, чаӊдар ж-а айрым атомдордон турат. Көпчүлүк жылдыздар формасы линза (туурасынан диаметри 30 миӊ, калыӊдыгы 4 миӊ пске жакын) түрүндө болуп, анын симметрия тегиздигине (Г. тегиздиги) ж-а борборуна (Г-нын жалпак система бөлүгүн) карай топтолгон. Жылдыздардын азы-


а б
раак бөлүгү Жерден Жаачы (Стрелец) топ жылдызына (Г-нын сфералык системасы) багытталган Г-нын борборуна (ядросуна) топтолуп, радиусу 15 миӊ пске жакын сферага чогулган. Күн системасы да Г-нын борборунан 10 миӊ пстей аралыкта, ал эми кээ бир облустары бизден 25 миӊ пс аралыкта жайгашкан. Жерден телескопсуз караган байкоочуга ал Саманчы жолу түрүндө көрүнөт. Курамына Күн системасы кирген Г-ны башка галактикалардан айырмалоо үчүн «биздин Галактика» деп да аташат. Бардык жылдыздар ж-а жылдыз аралык заттар м-н бирге эсептегенде, Г-нын толук массасы Күн массасынан 1011 эсе чоӊ же болжол м-н 1044 гга барабар. Г-да жылдыз, чаӊ ж-а газдар бири биринен алыс жайгашкандыктан, ар түрдү багытта секундуна ондогон, жүздөгөн км ылдамдыкта кыймылда болсо да, алар урунушпайт. Г-нын компоненттери: жылдыздар тобу, жылдыз ассоциациясы, газ м-н чаӊдар, күӊүрт ж-а ачык тумандуулуктар. Булар өтө алыс аралыктан айрым жылдыздарга караганда даана байкалат. Г-ны изилдөөдө радиофизиканын ыкмалары колдонулат. Саманчы жолуна биринчи жолу 1610-ж. Г. Галилей байкоо жүргүзгөн. Бирок Г-нын түзүлүшүн изилдөөнү 18-к-дын аягында англ. астроном У. Гершель баштаган. В. Я. Струве көлөм бирдигиндеги жылдыздар саны Г. тегиздигине жакындаган сайын көбөйгөндүгүн, ал эми Күн Г. борборунда орун албагандыгын аныктаган. Г-нын өлчөмү ж-дө 20-кдын башында немис астроному Х. Зелигер м-н голл. астроном Я. Каптейн далилдү сунуш киргизген. 20-к-дын 20-жылдарында амер. астроном Х. Шепли Г-нын ортосунун багыты Жаачы жылдызында экендигин аныктап, Күн Г. борборунда жайгашпаганын далилдеген. Швед. астроному Б. Линдблад жылдыздардын түрдү ылдамдыгына таянып, Г-нын динамикасы м-н түзүлүшүн изилдеген, Г. татаал түзүлүштө экендигин ачкан. 1927-ж. голл. астроном Я. Оорт жылдыздардын жарык ылдамдыгы м-н өз алдынча кыймылын изилдөөдө Г-нын өз алдынча кичи огунун айланышын далилдеген. Г-нын борборуна жакын бөлүкчөлөрү сыртында жаткан бөлүгүнө караганда тезирээк айланат. Г-нын тыгыздыгы анын борборуна жакындаган сайын чоӊоёт. Г-да жылдыздар пайда болуп турарын изилдөөлөр көргөздү. Көп жылдыздар Жерден кийин пайда болгон. Галактика ядросу жылдыз аралык заттын тыгыз массасынын ичинде орун алгандыктан, аны оптикалык аспаптар м-н байкоо кыйын, ал радиоастр. байкоо жүргүзүү аркылуу далилденет. Г-нын өнүгүсүн изилдөө адам баласынын дүйнөгө көз карашын кеӊейтти.
Ад.: Азимов А. Вселенная. М., 1969; Марочник Л. С., Сучков А. А. Галактика. М., 1984.