ГАЛАКТИКАДАН ТЫШКАРКЫ АСТРОНОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛАКТИКАДАН ТЫШКАРКЫ АСТРОНО́МИЯ – астрономиянын биздин Галактиканын чегинен тышкаркы асман сферасындагы объектилерди ж-а кубулуштарды изилдөөчү бөлүмү. Г. т. а. изилдеген жылдыз, газ системалары табияты б-ча биздин Галактика сыяктуу эле болуп, бирок алар бизден өтө алыс бир нече жүз миӊдеген ж-а миллиондогон жарык жылындагы аралыкта жайгашкан. Г. т. а. илим катары 20-к-дын башында пайда болгон. Асман сферасынан көз м-н же жөнөкөй телескоп аркылуу байкалуучу жылдыздардын бардыгын камтыган биздин Галактика чектүү ж-а ага окшош башка жылдыз системалары бар деген идея 18-к-дын ортосунан эле айтылып келген. Телескоптордун өркүндөтүлүшүнүн натыйжасында биздин Галактикадан тышкары начар жаркыраган тумандуулуктар бар экендиги аныкталган. Алар ж-дө 1781-ж. фр. астроном Ш. Мессье 100 объектиден турган биринчи каталогду түзгөн. Кийин сапаттуу байкоолордун натыйжасында, ал тактардын бирдей эместиги, айрымдары газ тумандуулугу, алыскы жылдыздар системасы экендиги байкалган. 20-к-дын башында Маунт-Вильсон (АКШ) обсерваториясынын астрономдору биринчи жолу көптөгөн тумандуулуктардын ичинен өтө начар көрүнгөн жылдыздарды байкашкан. 1923–24-ж. Э. Хаббл 2,5 метрдик телескоптун жардамы м-н бир нече тумандуулуктардан жаркырактыгы мезгил-мезгили м-н өзгөрүп туруучу цефеиддер тибиндеги жылдыздардын тобун ачкан. Бул жылдыздар аркылуу тумандуулуктардын Жерге чейинки аралыктарын жогорку тактыкта аныктаган. Ал жылдыздар системалары биздин Галактикадан тышкары жайгашкан Галактикалар деп аталат. Ошол мезгилден баштап Г. т. а. өнүгө баштады. Ал эми 1929-ж. Э. Хаббл галактикалардын бизден алыстоо ылдамдыгы м-н ага чейинки аралыктарынын өз ара түздөн түз сызыктуу байланышы бар экендигин аныктап, спектрлердеги кызыл жылыш м-н байланыштуулугун көрсөткөн. Ал ыкма аркылуу галактикаларга чейинки аралыктарды, алардын өлчөмүн ж-а массасын аныктоого жетишкен. 1963-ж. жылдыз сымал радионурлануу булагы ачылып, алар квазарлар деп аталат. Алардын саны азыркы күндө бир миллиондон ашып кетти. Өтө жарык квазарлар 12,6m жылдыз чоӊдугуна ээ болуп, ал бизден 3 млрд жарык жылындагы аралыкта жайгашып, каталогдо 3С273 м-н белгиленген. Анын жаркырактыгы Андромеда галактикасынан 500 эсе жарык. Г. т. а. Галактика дүйнөсү да жылдыздар дүйнөсү сыяктуу өтө ар түрдүү боло тургандыгын аныктады.
М. Токтогулов.