ГАЛАКТИКА ЯДРОСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛА́КТИКА ЯДРОСУ – Галактиканын Саманчы жолунун орто сызыгына дал келүүчү борбору. Галактика тегиздиги асман сферасын чоӊ тегерек б-ча кесип өтөт, ал г а л а к т и к а э к в а т о р у деп аталат. Жылдыздар чогулмасы Г. я-н көздөй көбөйөт, о. эле Галактика тегиздигинде көп топтолот. Г. я. асман сферасында болжол м-н 30°х20° аянтты ээлейт, б. а. өлчөмү бир нече килопарсекке (кпс) жетет. Г. я-нун түзүлүшү татаал ж-а жылдыз аралык жутулуу күчтүү болгондуктан, Галактиканын борб. бөлүгүн изилдөө кыйын.