ВЕНТИЛЬ ФОТОЭФФЕКТИСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

В́ЕНТИЛЬ ФОТОЭФФЕКТИСИ – ар түрдү жарым өткөргүчтөрдүн тийишкен жерине жарык кванты таасир эткенде, ал системада электр кыймылдаткыч күчүнүн пайда болушу. Жарык ургаалдуулугуна жараша электр кыймылдаткыч күчүнүн пайда болушу көбөйөт да, жарыктаныштын андан ары чоӊоюшу м-н анын өсүшү токтолуп, каныгууга жетет. Жарым өткөргүчт өрдөн жасалган фотоэлементтер илимде, техникада кеӊири колдонулат. Мис., кремнийден жасалган фотоэлементтер күн энергиясын түздөн түз электр энергиясына айландырууга жарайт. Алар жердин жасалма жандоочуларындагы радиоаппаратураларда колдонулат.