ГАЛАПАГОС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛА́ПАГО́С , Т а ш б а к а л у у а р а л д а р, К о л о н а р х и п е л а г ы – Тынч океандагы 13 ири ж-а көптөгөн майда аралдар тобу. Түш. Американын жээгинен 1000 кмдей аралыкта, Эквадордун провинциясы. Ири аралдары: Исабела, Фернандина, Сан-Сальвадор, Санта-Крус ж-а Сан Кристобаль. Аянты 7,8 миӊ км2. Калкы 25,1 миӊ (2010). Адм. борбору – Бакерисо-Морено. Аралдар жанар тоонун аракетинен пайда болгон. Өчкөн ж-а аракеттеги жанар тоолордун

Галапагос аралдары. Опунция кактусу.

бийикт. 1707 мге чейин. Мында тропик ж-а уюл аймактарындагы фауна м-н флоранын айрым түрлөрү кездешет. Реликт ж-а эндемик жаныбарлар (опунция; алп ташбака, игуана кескелдириги, пингвин, фригат, фламинго, биргазан ж. б.) өтө көп. 1964-ж. Санта-Крус а-нда Ч. Дарвин атн. эл аралык ил.-из. станция, 1936-ж. Галапагос улуттук паркы (аянты 691 миӊ га; кайталангыс фаунасы м-н флорасын коргоо үчүн) уюшулган. Г. аралдары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Архипелагды 1935-ж. испаниялык Томас де Берланга ачкан. Г-ко 1835-ж. Ч. Дарвин келип, өзү байкоо жүргүзгөн материалдарды эволюция теориясын негиздөө үчүн пайдаланган.
Ад.: Дарвин Ч. Путешествие натуралиста вокруг света на корабле «Бигль». 3-е изд. М., 1976; Алексеев Б. А. Галапагос острова//БРЭ, т. 6. М., 2006.