ГАЛАЦ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛА́Ц – Румыниядагы порт шаар. Галац жудецинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Дунай д-нын жээгинде. Калкы 285,5 миӊ (2012). Металлургия комбинаты, кеме куруу ж-а жабдуулар өндүрүшү, хим., текстиль, эмерек өнөр жай ишканалары иштейт. Ун-т, тарых, иск-во музейлери, чиркөөлөр (17-к.) бар.