ГАЛИБ
ГАЛИБ Мирза Асадулла-хан (27. 12. 1797, Агра 15. 2. 1869, Дели) – инди акыны, жазуучу, тарыхчы. Фарс ж-а урду тилинде жазган. Алгач касыйда ж-а казалдары фарсиче жарыяланган. Туӊгуч чыгармаларында диний мотивдер басымдуулук кылган. Кийин классикалык поэзияга таасирленип, гуманисттик багыттагы патриоттук ырларды жазган. Ал – «Беш бөлүм» трактатынын, «Түш мезгил» тарыхый чыгармасынын автору. Бир нече чыгармалары орус тилине которулган.