ГАЛЛДАР
ГАЛЛДАР (лат. galla – бүртүк), ц е ц и д и я л а р – өсүмдүктүн түрдүү органында (тамыр, жалбырак ж. б.) өзгөчө козгогучтар пайда кылуучу патол. дөмпөк өсүндү. Кене, курт-кумурска, нематода ж. б. бөлүп чыгарган токсиндин таасиринен пайда болсо, м и з о о ц е ц и д и я л а р, козу карындар пайда кылса, к о ц е ц и д и я л а р деп аталат. Көбүнчө эмен, атыр гүл ж-а татаал гүлдүү өсүмдүктөрдө кездешет. Г. хим. курамында суу, азык зат, өӊдөгүч заттардын көптүгү м-н таза ткандан айырмаланат. Г. өсүмдүктүн азыктануусун бузат, өсүшүн начарлатат, кээде өсүмдүк солуп калат. Буудай нематодасы жалбырагын буралтып, сырткы көрүнүшү б-ча кадимки данга окшош Г-ды, ал эми кызылча нематодасы кызылча тамырында Г-ды пайда кылат. Чанактуу өсүмдүктөрдүн тамырындагы Г. топуракты азот м-н байытат, о. эле кээ бир Г-дын козгогучтары отоо чөптөргө каршы биол. каражат катары керектелгендиктен, а. ч-нда пайдасы да бар. Көпчүлүк Г-дын козгогучтары а. ч-на ж-а токойчулукка чоӊ зыян келтирет, мис., картошка рагы, жүзүм филлоксерасы ж. б. Алардын таралышына жол берүүгө болбойт. Каршы күрөшүү чаралары: илдетке туруктуу сорт эгүү; которуштуруп эгүүнү туура жүргүзүү; Г-ды жок кылуу (мис., жалбырактан, бутактан кесип салуу) ж. б.