ГАЛЛЕЙ КОМЕТАСЫ
ГАЛЛЕ́Й КОМЕТАСЫ – жарык комета. Анг. астроном Э. Галлейдин ысмынан. Ал 1-жолу (1705) асман мейкиндигиндеги кометалар кыймылы ж-а алардын орбиталары параболага жакын экендигин байкаган. Эллипс орбитасы б-ча айланарын, Күнгө мезгили м-н (ар 75–76 жылда) кайрылып турарын айткан. Ал 24 жарык кометанын орбитасын, а. и. 1531-, 1607- ж-а 1682-ж. көрүнгөн кометалардын орбиталарынын траекториясы окшош ж-а алар бир эле комета экендигин аныктаган. Ал 1758-ж. кайра келерин айткан. Б. з. ч. 446-жылдан 1909-жылга чейин 29 жолу көрүнгөн. 1910-ж. перигелий аркылуу өткөн. Акыркы жолу 1986-ж. Күнгө эӊ жакын аралыкта өткөнү телескоп аркылуу байкалган.