ГАЛЬВАНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛЬВА́НИ Луижи (9.9.1737, Болонья – 4.12.1798, ошол эле жер) – итал. анатом ж-а физиолог, электр ж-а электр-физиология ж-дөгү окууларды негиздөөчү. Болонья ун-тинде билим алып, ошол эле жерде медицинадан сабак берген. Биринчи эмгеги салыштырма анатомияга арналган. 1771-ж. формалинделген баканын булчуӊунун электр тогунун таасиринен жыйрылууга жөндөмдүүлүгүн изилдеген. О. эле металлды нервге же жүлүнгө таасир этүүдөн да булчуӊдун жыйрылышын ж-а булчуӊга эки түрдүү металлды бир мезгилде тийгизгенде да жыйрылгандыгын байкаган. Бул тажрыйбалар токтун жаӊы булагын – гальвани элементин ойлоп табууга түрткү берген. Г-нин изилдөөлөрү мед. практикада ж-а физиол. эксперимент методдорун иштеп чыгууда мааниси чоӊ болгон.