АЙБАЛТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:40, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙБАЛТА – жоокерчилик куралы. Байыркы темир доорунан эле көп элдер, анын ичинде кыргыздар да урунуп келген. Көрүнүшү жарты ай сымал келип, темирден ар түрдүү өлчөмдө жасалган.

Айбалта ар бир жоокердин тулкусуна чактап, урушта колдонууда эптүү кылып даярдалган. Са­бын ыргай, четин, кайың ж.б. катуу жыгачтан жасашып, колго токтомдуу болуш үчүн аны быдырлантып, урушта колдон чыгып кетпес үчүн саптын учуна кайыштан бүлдүргү тагыл­ган. Душманды ууландырып өлтүрүү максатында Айбалтанын мизин кээде ууга сугарышкан. Айбалта ат үстүндө да, жөө калганда да урушууга эң ыңгай­луу согуштук куралдардын катарына кирет.