ГАЛЬКА
ГА́ЛЬКА , с а й т а ш – тоо тектердин ж-а минералдардын суу агымы же деӊиз толкуну м-н жумуруланган 1–10 см өлчөмдөгү сыныктары. Көлөмү б-ча 3кө бөлүнөт: майда (1–2,5 см), орточо (2,5–5 см) ж-а чоӊ (5–10 см). Формалары ар түрдүү. Дарыя өрөөндөрүндө, тоо этектеринде, деӊиз жээктеринде көп. Г-лардын бир жерге жыйылганы – г а л е ч н и к, камдашканы – к о н г л о м е р а т. Жол куруу иштеринде кеӊири пайдаланылат.