ГАЛЬЧЕНКО
Г FЛЬЧЕНКО Иван Петрович (21. 7. 1880, Полтава губ. – 6. 8. 1971, Фрунзе) – сүрөтчү, пейзажист ж-а живописчи. Кыргыз ССРинин иск-восуна эмг. сиӊ. ишмер (1955).

Москвадагы живопись, ийчилик ж-а арх-ра окуу жайын бүтүргөн (1914). Чыг-лыгын театр сүрөтчүлүгүнөн баштаган. 1936-ж. Кырг-нга келип, улуттук сүрөтчүлөрдү тарбиялоого ж-а кыргыз сүрөт иск-восун өнүктүрүүгө активдүү катышкан. Негизги чыгармалары: «Чоӊ Чүй каналынын курулушу», «Кечки пейзаж», «Кыргызстандын түштүгүндө», «Аламүдүн суу сактагычы» ж. б. Бул сүрөттөрүндө жаӊырган кыргыз жергесинин сулуулугун ж-а эмгек каар-

мандарын чагылдырган. Чыгармалары Кыргыз көркөм сүрөт иск-восу музейине коюлган. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.