ГАМБИЯ дарыясы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́МБИЯ – Батыш Африкадагы дарыя. Гвинея, Сенегал ж-а Гамбия өлкөлөрү аркылуу агат. Уз. 1200 км, алабынын аянты 180 миӊ км2. Фута-Жаллон платосунан башталып, Атлантика океанына куярда эстуарийди пайда кылат. Суусунун орт. чыгымы 2000 м3/секдай. Деӊиз кемелери чатынан 350 км аралыкка чейин жетет. Чатында Банжул порту (Гамбия) жайгашкан.