ГАМБИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́МБИЯ, Г а м б и я Р е с п у б л и к а с ы – Батыш Африкадагы мамлекет. Чыгышынан, түндүгүнөн ж-а түштүгүнөн Сенегал Республикасы м-н чектешет. Батышынан Атлантика океаны чулгайт. Аянты 10,7 миӊ км2. Калкы 2,4 млн (2020). Мамл. тили – англис тили. Борбору – Банжул ш.

Адм.-айм. жактан 8 округга бөлүнөт. Акча бирдиги – деласи. Г. – БУУнун (1965), Африка союзунун (1965), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1953) ж. б-дын мүчөсү.
Таблица бар.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)
Г.– унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамында Конституциясы 1996-ж. 8-августтагы референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик респ. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук ассамблея. Саясий партиялары: Эркиндик ж-а социализм үчүн улуттук демокр. уюм, Патриоттуулукка багыт алуу ж-а түзүү альянсы, Көз каранды эместик ж-а социализм үчүн элдик демокр. уюму.
Г-нын аймагы ойдуӊдуу түздүк (бийикт. 100 мге чейин). Түздүк Гамбия д-нын өйүз-бүйүз жээгин бойлой 350 кмге созулуп жатат. Өлкө кен байлыкка жарды. Климаты субэкватордук, жайы (июнь – октябрь) жаанчыл, кышы (ноябрь – май) кургак. Айлык орт. темп-ра 25°–27°С. Жылдык жаан-чачыны 800 мм. Негизги дарыясы – Гамбия, чыгыштан батышка карай бүт өлкөнү ара-

Гамбиянын Атлантика океаны жак жээги.

лап агат. Суусу мол ж-а жайык. Жери токойлуу келип, акациялуу ж-а баобабдуу саванналар басымдуу. Гамбия д-нын өрөөндөрүндө дайыма жашыл тропик токойлору бар. Жалпы аянты 40 миӊ га болгон коргоого алынган 90 табигый аймагы бар, а. и. Кианг-Вест, Ривер-Гамбия улуттук парктары уюштурулган.
Калкы көп улуттуу; көбү (80%) мусулман, калгандары эски динге ишенет. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 52,3; аялдарыныкы – 56 жаш. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 137 киши. Калктын 75% а. ч. м-н алектенет. Шаар калкы 30%. Ири шаарлары – Брикама, Банжул, Серекунда, Бакау.
Г-нын байыркы ж-а о. кылымдагы тарыхы толук изилдене элек. 13–15-к-да Г-нын аймагы Мали империясынын, кийинчерээк Сонгаи мамлекетинин курамына кирген. 14–15-к-дан Г-га европ. келе баштайт. 1807–74-ж. бир катар уруу жол башчыларына протекторат ж-дөгү келишимдерди таӊуулап, өз колониясына айландыруу м-н Улуу Британия Г-га жаӊы аймактарды кошот. 1902-ж. Гамбия д-нын өрөөнү бүт (Сента-Мэри а-нан башкасы) Британия протектораты болуп жарыяланат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Африка өлкөлөрүндө боштондук кыймылы күчөп, саясий партиялар түзүлөт. 1960-ж. бир палаталуу парламент, 1961-ж. алгачкы жолу курамына гамбиялыктар кирген Аткаруу кеӊеши түзүлөт. 1963-ж. Г-га чектелген өзүн-өзү башкаруу укугу берилген. 1965-ж. 18-августта Г-нын көз каранды эместиги жарыяланат. 1965-ж. Г. БУУга кабыл алынган. 1970-ж. 24-апрелде Г. респ. деп жарыяланып, Д. К. Жавара президент болуп шайланат. 1981–89-ж. Г. Сенегал м-н бирдикте Сенегамбия федерациясын түзүшкөн. Г-нын өкмөтү тышкы саясатта аскердик-саясий блокторго кошулбоо саясатын жактайт. Г. – Африкадагы экон. жактан артта калган өлкөлөрдүн бири. 1994-ж. мамл. төӊкөрүштүн натыйжасында Я. Жамме бийликке келген. 1996, 2001-ж. президенттик шайлоолордо Жамме жеӊишке жетишкен. Өлкөдө жакырчылыкты жоюу, менчиктештирүү б-ча ЭВФ тарабынан сунушталган программа экон. өнүгүүгө өбөлгө түзүүдө. 2–3-жылдан коррупцияга каршы күрөшүү компаниясы жүргүзүлүүдө.
Г. – агрардык өлкө. Экономикасы сырткы соодага көз каранды. ИДПде а. ч-нын үлүшү 35,5%, өнөр жайыныкы 12,2%, тейлөө чөйрөсүнүкү 52,3%. Экспорттолчу негизги өсүмдүгү – жер жаӊгак. Жыгаччылык, балык уулоо, тамак-аш өнөр жайы бар. Шалы, таруу, ак жүгөрү, маниок, жүгөрү, буурчак, банан ж-а цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Май пальмасынын жемишин чогул-

Бакаудагы мейманкана.

тушат. Деӊизден балык кармалат. 2003-ж. 130,2 млн кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун уз. 3,7 миӊ км (2005). Негизги деӊиз порту – Банжул ш. Негизги суу артериясы – Гамбия д. (390 км чейин кеме жүрөт). Башкы дарыя порттору – Фатото, Жоржтаун, Кунтаур, Кау-Ур, Банжул, Барра. Негизги соода шериктери: Франция, Улуу Британия, Индия, Германия ж-а Италия.
Билим берүү системасында балдар үчүн 8 жаштан 6 жылдык башталгыч, 4 жыл-

Гамбия акчасы.

дык толук эмес орто мектеп ж-а 6 жылдык толук орто мектеп бар. Улуттук ун-т, кесиптик ж-а атайын билим берүүчү ж. б. окуу жайлары, Улуттук китепкана, Улуттук музей бар. Күн сайын чыгуучу мамл. гезити, мамл. радио ж-а телекөрсөтүүсү иштейт. Ад-ты 20-к-дын ортосунан баштап англис тилинде өнүгүүдө. Салттуу иск-восу пил сөөгүн ж-а жыгачты көркөм оймо-чиймелөө. Банжул ш-н курууда европ. шаар куруу ж-а арх-ра пайдаланылган. Г-нын муз. мад-тында Батыш Африка элдеринин ар түрдүү салттары ширелишкен.
Ад.: Смирнов Е. Г. Республика Гамбия: Справочник. М., 1996.