ГАМЕТАНГИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАМЕТА́НГИЙ (гамета ж-а гр. angtion – идиш) – өсүмдүктүн аталык ж-а энелик жыныс клеткалары – гаметалар жайгашкан бир же көп клеткалуу жыныс органы. Жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктө Г-деги гаметалар кээде айрым жыныс гаметаларга бөлүнбөйт, жыныс процессинде бүтүндөй Г. кошулат. Оомицеттерде, аскомицеттерде, базидиомицеттерде ж-а жынысы б-ча айырмаланган гаметалуу татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө эркек – аталык Г. антеридий, энелик Г. оогоний же археогоний деп аталат.