ГАМИЛЬТОН шаары

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́МИЛЬТОН – Улуу Британия ээлиги – Бермуда аралдарынын адм. борбору (1815-жылдан). Калкы 0,9 миӊ (2006). Бермуда а-нын борб. бөлүгүндө. Аралдагы башкы порт (негизинен туристтердин кемелери м-н яхталарын тейлейт; контейнер терминалы). 1790-ж. негизделген. 1897-жылдан шаар статусуна ээ. Деӊиз жээгин бойлой курулган курулуштар, ратуша, кафедралуу собор (1911), Ыйык Эндрю чиркөөсү (1846), Виндзор ак сарайы, Гамильтон форту (19-к-дын ортосу) сакталган. Музей, улуттук гал., король яхта-клубу бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Чет өлкөлүк камсыздоо ж-а финансы компаниялары (салыктан жеӊилдетилген) иштейт. Турист бизнеси ж-а чекене соода өнүккөн.