ГАМСАХУРДИА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАМСАХУ́РДИА Звиад Константинович (31. 3. 1939, Грузия, Тбилиси – 31. 12. 1993, Грузия, Жихаскари кыш.) – грузин саясий ж-а мамл. ишмери. Филология илимд. доктору (1991). Тбилиси ун-тин бүтүргөн (1962). 1963–77-ж. Грузин ССР ИАнын ил., 1981-жылдан улук ил. кызматкери. 1973-ж. Грузияда адам укугун коргоо б-ча демилге тобун, 1976-ж. грузин Хельсинки тобун уюштургандардын бири. 1977-ж. антисов. ишмердиги үчүн 3 жылга сүргүнгө айдалган. 1978-ж. АКШ конгресси тарабынан Нобель сыйл. көрсөтүлгөн. «Кайра куруу» жылдарында адам укугун коргоодо ж-а грузин улуттук кыймылында активдүү роль ойногон. 1990-жылдан Грузия ССРинин Жогорку Советинин төрагасы. 1991-ж. «Грузиянын мамлекеттик көз каранды эместигин калыбына келтирүү» актысын даярдоо тобун жетектеген. 1991-ж. апрелде Грузия Респ-нын президенти болуп шайланган. 1991-ж. августта Грузиянын мамл. эгемендүүлүгүн жарыялаган. 1992-ж. 6-январда Грузия Респ-нын Аскердик кеӊеши тарабынан бийликтен четтетилген. Г. алгач өлкөнү таштап кеткен, 1993-ж. 24-сентябрда Зугдиди ш-на кайтып келип (Батыш Грузия), «куугунтуктагы өкмөттү» түзгөн. Анын Э. Шеварнадзенин режимине каршы күрөшү ийгиликсиз аяктап, Г. курман болгон. 1994-ж. анын сөөгү Грозный ш-на (Чечен Респ-сы) коюлган. Грузиядагы «розалар рев-ясынан» кийин 2004-ж. январда сөөгү Тбилисиге алып келип коюлган.