АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ БУЛГОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 21 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ БУЛГОО кандайдыр бир себептер менен (адамзаттын иш‑аракетинин натыйжасында) айлана‑чөйрөгө (табиятка) ага жат болгон физикалык, химиялык жана биологиялык заттардын кириши. Жат

заттардын чөйрөдө табигый түрдө (жанар тоо атылышы, токой өртү ж. б. себептер менен) жана антропогендик таасирден (адамзаттын чарбалык иш‑аракетинин негизинде) пайда болот. Айлана-чөйрөнү булгоо үч негизги багыт боюнча жүрөт: физикалык, химиялык жана биологиялык, к. Биологиялык булгоо.