ГАНА
ГА́НА , Г а н а Р е с п у б л и к а с ы – Батыш Африкадагы мамлекет. Батышынан Кот-д’Ивуар, түн.-батышынан ж-а түндүгүнөн Буркино-Фасо,

чыгышынан Того м-н чектешет. Түштүгүнөн Гвинея булуӊу чулгап жатат. Аянты 241,9 миӊ км2. Калкы 31,7 млн (2020). Мамл. тили – англис тили. Борбору – Аккра ш. Адм.-айм. жактан 10 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги – седи. Г. – БУУнун (1957), Африка союзунун (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1957) ж. б-дын мүчөсү.
Таблица бар
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)
Г. – унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамына кирет. Конституциясы 1992-ж. 28-апрелде кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик респ. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент. Аткаруу бийлигин президент жетектеген Министрлер кеӊеши жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Жаӊы патриоттуулук партиясы, Улуттук демокр. конгресс ж-а Элдик улуттук конвент.
Г-нын аймагы түздүктүү келип, борб. бөлүгүн кенен плато (бийикт. 500 м) ээлеп жатат. Атакора тоосунун (бийикт. 876 мге чейин) түш.

бөлүгү Г-нын аймагына кирип турат. Кен байлыктарга (боксит, марганец, алтын, алмаз, темир ж. б.) бай. Климаты субэкватордук-муссондук. Эӊ жылуу (март) айынын орт. темп-расы түштүгүндө 27°Сден түндүгүндө 33°Сге чейин, эӊ суук (август) айыныкы 23°С – 26°С. Жылдык жаан-чачыны 1800–2200 мм, суу тармактары жыш, эӊ ири дарыясы – Вольта. Аймагынын басымдуу бөлүгүн саванна, 10%ке жакынын токой ээлейт. Жалпы аянты 3,7 млн га болгон

коргоого алынган 321 табигый аймагы бар; а. и. Моле, Дигья, Боди улуттук парктары уюштурулган. Жери кызыл саргыч топурактуу. Калкынын көбү – африкалыктар (98,5%). Шаар калкы 37%. Калктын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 58,1; аялдарыныкы – 59,7 жаш. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 88 киши.

Калктын 60% а. ч. м-н алектенет. Элинин көбү жерг. диндерге ишенет, бир азы христиан ж-а мусулман диндерин тутат.
Г-нын аймагында адам палеолит ж-а неолит доорунда эле жашай баштагандыгы белгилүү. 15-к-га карата Г-нын жерг. элдери чарбалык ж-а маданий өнүгүүнүн жогорку деӊгээлине жетишишкен. Алар алыскы өлкөлөр м-н соода жүргүзүшкөн (алтын, туз, кол өнөрчүлүк буюмдары). Г-нын аймагында бир нече майда мамлекеттер өкүм сүрүп, 17–18-к-да алардын ири борбордошкон мамлекеттерге биригүү аракетине европ-тардын келүүсү тоскоол болгон. Г-га португалиялыктар биринчи келип, 1482-ж. Эльмина чебин курган. Алар алтын («Алтын Жээк» деген аты ушундан) ж-а кул алып турушкан. Мындагы байлыкка Дания, Голландия, Англия сыяктуу европ. өлкөлөр да көз арткан. 19-к-дын башында Англия атаандаштарын сүрүп чыгып, өлкөнүн аймагын басып алат да, алтын, алмаз ж. б. пайдалуу кен байлыктарын иштетет. Өлкөнүн түндүгүндө жашаган ашанти уруулары борбордошкон күчтүү мамлекет түзүшүп, алардын англичандарга каршы күрөшү Англия-ашанти согуштарына алып келген. 1896-ж. Улуу Британия Ашантини басып алып, калган уруулар м-н протекторат ж-дөгү келишимдерди түзөт. Колониядагы жогорку бийлик англ. губернаторго берилген. Экинчи дүйнөлүк согуштан (1939–45) кийин улуттук-боштондук кыймыл күчөгөн. 1947-ж. улуттук уюм – Алтын Жээктин Бириккен конвенти түзүлүп, ал өлкөгө кыска мөөнөттө көз каранды эместикти берүүнү талап кылган. 1957-ж. 6-мартта Алтын Жээк көз каранды эмес деп жарыяланып, Г. мамлекети деп аталып, 1957-ж. 8-мартта БУУга кабыл алынган. 1960-ж. 1-июнда Г. респ. болуп жарыяланды. Алгачкы президенти болуп К. Нкрума шайланган. 1966-ж. 24-февралда армия офицерлери мамл. төӊкөрүш жасап, генерал Анкра жетектеген Улуттук Боштондук совет (УБС) түзүлгөн. 1969-ж. апрелде генерал Анкра бийликтен четтетилип, ордуна генерал Африфа келди. 1970–80-жылдарда өлкөдө бир нече жолу аскердик төӊкөрүштөр болуп өткөн. 1992-ж. президенттик шайлоо өткөрүлүп, жыйынтыгында бийликке гражд. өкмөт келген. 2000, 2004-ж. президенттик шайлоолордо Ж. Куфуор ийгиликке жетишкен.
Г. экономикасынын негизин а. ч. ж-а минералдык сырьёлорду өндүрүү, чет элдик туризм түзөт. ИДПде а. ч-нын үлүшү 36,6%, өнөр жайыныкы 24,6%, тейлөө кызматыныкы 38,8% (2005). Негизги ж-а экспорттолчу өсүмдүгү – какао. Ички керектөөлөрүнө маниок, батат, ак жүгөрү, май пальмасы, бал камыш өстүрүлөт. Экономикасында негизги орунда тоо-кен тармагы (алтын, алмаз, боксит ж-а марганец кенташтары казып алынат), о. эле балык уулоо, жыгаччылык, нефть, цемент иштетүү өнөр жайлары ээлейт. 2003-ж. 5,4 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун уз. 47,8 миӊ км, темир жолунуку – 953 км, деӊиз соода флотунун тоннажы 131 миӊ т дедвейт (2004). Ири деӊиз порту – Тема, Секонди-Такоради. Вольта, Анкобра, Тано д-нда ж-а Вольта кө-


лүндө кеме жүрөт. Негизги дарыя порттору – Акосомбо, Кете-Крачи, Кпанду. Эл аралык аэропорту Аккрада. Негизги соода шериктери: Улуу Британия, Япония, АКШ, Германия, Франция ж. б.
Билим берүү системасында балдар үчүн 6 жаштан 6 жылдык башталгыч, 3 жылдык кенже, 3 жылдык жогорку орто мектеп бар. Кумаси ш-ндагы Табият ж-а тех. илимдер ун-ти, 100дөн ашык ил. ин-ттар бар. Радио уктуруусу 1935-жылдан, телекөрсөтүүсү 1965-жылдан иштейт. Адабияты 20-к-дан англис тилинде өнүгүүдө. Салттуу турак-жайы – тегерек ж-а тик бурч түрүндөгү каркас үйлөр. Г-нын муз. мад-ты Батыш Африка элдеринин салты м-н байланыштуу.
Ад.: Гана. Справочник. М., 2001; Большая Российская энциклопедия. Т. 6. М., 2006.