ГАНГРЕНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАНГРЕ́НА (гр. gtngraina) – дене же органдын ткандарынын бузулушу (жансызданышы), некроздун бир түрү. Кургак ж-а нымдуу болуп айырмаланат. Кургак Г-да ткань суусун тез жоготуп, анын кесепетинен жабыркаган жер кургап, бүрүшүп, катууланат, жабыркаган жер кичирейип түсү кара күрөӊ тартат (мумификация). Нымдуу Г. жансызданган тканга чиритүүчү, ириӊдетүүчү инфекциянын киришинен пайда болот. Мында ткань киргилт көгүш же бозомтук кара түстөгү жумшак сасык массага айланат. Бул учурда ткандардын ажыроосунан пайда болгон заттардан организм ууланып, дене ысып, жалпы абал начарлайт. Г. көбүнчө орган же ткань кан м-н камсыз болбой калган учурда ири артериялардын жабыркашы, алардын тромб, эмбол м-н бүтөлүшү, атеросклероз, эндоартерит ж. б-дан кан тамырдын жабыркашы, о. эле анын өөрчүшүнө жүрөк-кан тамыр системасынын начарлашы, өнөкөт уулануу (алкоголь, фосфор, никотин м-н), зат алмашуунун бузулушу (кант диабети) ж. б. түрткү берет. Андан тышкары мех. (кан токтотуучу буугуч же шакшак м-н көпкө таӊганда), хим. (к-та, жегич ж. б. таасир эткенде) ж-а физ. (50°Сден жогору – күйүк ж-а –20°Сден төмөн темп-ра – үшүк) факторлордун таасиринен да пайда болот. Кол, бут Г-га көп учурайт. Кээде Г. болгон учурда жабыркаган кол, бутту ампутация жасоого туура келет.