ГАОСЮН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАОСЮ́Н – Тайвань а-ндагы шаар. Калкы 2,7 млн (2019). Жолдор тоому, темир жол бекети. Тайбэй – Гаосюн жогорку ылдамдыктагы темир жолу курулууда (2006). Ири порт (2005-ж. 36 млн т жүк ташылган; негизинен нефть). Эл аралык аэропорту бар. Тайвандагы эӊ байыркы шаар. Мин династиясынын акыркы мезгилинде (17-к-дын 1-жарымында) негизделген. Фэншань шаар дубалынын калдыгы (18-к.), храмдар сакталган. Ун-ттер (а. и. Сунь Ятсен атн. ж. б.), калк китепканасы (1945), тарых музейи бар. Машина куруу, нефть ажыратуу, текстиль, хим., цемент, тамак-аш, радиоэлектроника (негизинен компьютер) өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кармалып, беленделет. Шаарга жакын Ганшань, көпөлөктөр өрөөнү, минералдуу суулары бар курорт жайгашкан.