ГАРАЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРА́Ж (фр. garage, garer – үстү жабык нерсенин астына жайгаштыруу) – автомобилди сактоо, тех. жактан тейлөө ж-а оӊдоо иштери жүргүзүлүүчү имарат (имарат комплекси же курулуш). Г-га автомобилдерди коюу төмөнкүдөй жүргүзүлөт: туюк ж-а түз сызыктуу; бир ж-а көп катарлуу. Атайын Г-дарда тракторлор, автомобилдер ж. б. сакталат. Кийинки учурда автомобилди автоматтык түрдө (адамдын жардамысыз) коюучу Г.-автоматтар кеӊири таралууда.