ГАРВАРД УНИВЕРСИТЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́РВАРД УНИВЕРСИТЕТИ – АКШдагы окуу жайы. 1636-ж. коллеж катары Кембридж ш-нда (Массачусетс штаты) уюшулган. 1639-жылдан Америкага эмиграцияга барган ж-а мүлкүнүн жарымын, китепканасын коллежге мураска калтырган англ. министр, иск-во бакалавры Ж. Гарварддын ысмында. 18-к-дын аягына чейин Г. ун-тинде Библия ж-а байыркы тилдер гана окутулган. Кийин жаӊы тилдер, математика окутула баштаган. 19-к-дын 1-жарымында медицина (1810) ж-а укук (1817) ф-ттери кошулгандан кийин коллеж ун-тке айланган. Ун-ттин өсүшүнө белгилүү педагог, ун-ттин президенти (1869–1909) Ч. Элиот чоӊ салым кошкон. Жалпы билим берүүчү коллежден башка, гуманитардык ж-а табигый илимдер, укук, медицина, саламаттык сактоо, дин илими, мамл. башкаруу, пед. ф-ттери, колдонмо физика, инж. бөлүмдөрү болгон. Ун-тте обсерватория, китепканалар, музейлер иштейт. АКШнын 7 президенти Г. ун-тин бүткөн. Учурда Кырг-ндан барып билим алып жаткан студенттер да бар.