ГАРДАЯ
ГАРДА́Я – Алжирдеги шаар. Гардая вилайисинин адм. борбору. Калкы 120 миӊ (2010). Алжир Сахарасынын түндүгүндө, Мзаб оазисинде жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1053-ж. негизделген. Бийик мунаралуу мечит (11-к.), медресе бар. Мзаб оазисинин курамындагы музей Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине

кирген. Кустардык кол өнөрчүлүгү (килем, кыл торко, карапа, булгаарыга сайма саюу, зер буюмдарды жасоо) өнүккөн. Г-дан түн.-батышта жаратылыш газынын ири кени казылып алынат.