ГАРДИЗИ
ГАРДИЗИ А б у С а и д А б д а л – Х а й й а (1008/1009-ж. ч. – ө. ж. б.) – иран тарыхчысы, окумуштуу. Газневилик султан Абдырашиттин (1049–59) тушунда Г. өзүнүн «Зайн-ал-ахбар» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») деген тарыхый эмгегин жазган. Бул эмгегинде Иран халифатынын ж-а Хорасандын тарыхы баяндалган. Анда түрк тилинде сүйлөгөн элдер ж-дө, а. и. кыргыздар тууралуу баалуу маалыматтар, даректүү баяндар жолугат. Айрыкча кыргыздар ж-дөгү маалыматтарда ибн Мустафа, ибн Хордадбек, Жайхани ж. б. о. кылымдагы окумуштуулардын эмгектерин колдонгон. Г-нин кыргыздар тууралуу маалыматтары «Худуд ал Аалам», «Мажму ат-Таварих» ж. б. булактар м-н дал келет. Г. берген далилдер кыргыздардын этностук, саясий, маданий тарыхын үйрөнүүдө өтө маанилүү.
З. Эралиев.