ГАРНИЗОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРНИЗО́Н (фр. garnison, garnir – жабдуу, куралдандыруу деген сөздөн) – 1) калк жашаган пунктта же чек арасы белгиленген райондо туруктуу же убактылуу жайгашкан аскер бөлүктөрү, аскер окуу жайлары ж-а мекемелер. Алар аскер кызматынын маселелери б-ча бирдиктүү командачылыкка баш иет. 2) бекемделген райондо же башка өзүнчө коргонуу курулмасында жайгашкан аскерлер (бөлүктөр, бөлүкчөлөр). Кырг-нда Г. башчысы коргоо министринин буйругу м-н дайындалат.