ГАРУА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́РУА – Түш. Американын Тынч океандык (Эквадор, Перу, Чили) чөлдүү жээктерине бриз м-н келүүчү тыгыз, муздак туман. Бул аймактагы топурак м-н өсүмдүктөрдүн ным алуусунун негизги булагы. Г. Түш. жарым шарда кыш ж-а жаз мезгилдеринде деӊиз абасынын Перу муздак агымынын таасиринен муздашынан пайда болот. Муздак деӊиз агымдары чулгап туруучу жээк тилкелериндеги чөлдөрдүн климатын жалпысынан «Г. климаты» деп аташат.