ГАСТРИТ
ГАСТРИ́Т (гр. gast еr – карын) – карындын былжыр челинин сезгенүүсү. Анын өөрчүшүнө экзогендик ж-а эндогендик факторлор себеп болот. Экзогендик факторлорго туура эмес, ашыкча, бир түрдүү тамактануу, көпкө ачка болуу, бузулган, өткүр, өтө ысык же муздак тамак ичүү, алкоголь, никотин ж. б. м-н уулануу кирет. Эндогендик – нерв системасынын функциялык бузулушу, жабыркаган түрдүү органдардын (ичеги, өт баштыгы ж. б.) нерв-рефлекстик таасирлери. Г. катуу кармаган ж-а өнөкөт болуп айырмаланат. Катуу кармаганда сапаты начар, бузулган тамак ичкенден, түрдүү к-та (мис. уксус к-сы ж. б.) м-н уулануудан, айрым дарыларды (аспирин, гормондор ж. б.) ашыкча кабыл алуудан, микроб уусунан (ботулизм ж. б.) Г. пайда болот. Белгилери: көӊүл айнып, ичкендерин тынымсыз кусат, оозунан кара суу келип, башы айланат, ичеги-карын сыздап ооруйт, алсызданат, тамыры тез же солгун кагат, кан басымы төмөндөйт. Карынды минералдык суу же марганцовка кошулган жылуу суу м-н жууп, 1 – 2 күн жылуу чайдан башка тамак ичпөө керек. Өз убагында тийиштүү жардам берилбесе, ал өнөкөт түрүнө өтүп кетет. Өнөкөт Г. узак убакыт тамак ичүү режиминин бузулушунан (көпкө ачка болуу же тамакты ашык ичүү), тамакты жакшы чайнабай (шашканда же тиш ооруганда) жутуудан ж-а инфекциядан болот. Мында карындын секрет иштеп чыгаруу функциясы бузулгандыктан, карын кычкылы төмөндөп же жогорулагандыктан, ферменттер азайып же көбөйүп кетет. Өнөкөт Г. м-н ооругандар тамак ичкиси келбейт, ичкен тамагы сиӊбей, карындын тушу ооруп, кусат, арыктай баштайт. Өнөкөт Г. аз кандуулукка, рак оорусуна алып келиши мүмкүн. Ошондуктан анын алдын алып, өз убагында дарылануу керек. Оорунун белгилери билинер замат врачка кайрылуу зарыл. Г. м-н жаныбарлар да ооруйт.
Ад.: Гордоно О. Л. Хронический гастрит и так называемые функциональные заболевания желудка. М., 1939; Рапопорт С. И., Лядов К. В., Малиновская Н. К. Практическая гастроэнтерология: Клиника, диагностика, лечение. М., 2005.