ГАСТРОЭНТЕРИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАСТРОЭНТЕРИ́Т (гастро... ж-а гр. tnteron – ичеги) – адам ж-а жаныбардын карыны м-н ичке ичегисинин сезгенүүсү. Адам тамактан ууланганда, бактерия жукканда, сапатсыз суу ичкенде, түрдүү ооруларда, оор металлдар, к-та, сымап ж. б. м-н ууланганда болот. Катуу кармаган ж-а өнөкөт түрүндө өтөт. Көп убакта жоон ичегинин жабыркашы м-н коштолот. Катуу кармаган Г-те карынды жууп, бутка жылыткыч коюп, карын м-н ичегинин секрет чыгаруу функциясын жөнгө салуучу дарылар берилет. Өнөкөт түрүндө узак убакыт диета кармоо, тамактануу режимин сактоо зарыл ж-а тиешелүү дарылар м-н дарылоо жүргүзүлөт.
Жаныбарда бузулган тоюттан, хим. ж-а өсүмдүк ууларынан, жугуштуу оорулардан кийин пайда болот. Ылаӊдаган мал араӊ басып, үргүлөйт, жалпы абалы начарлайт, жем, чөпкө анча табити тартпайт, кепшебейт, ичи курулдап, чычкактайт, деми кыстыгат. Дарылоодо карынын жууп, ич алдыруучу, куруштургуч, дезинфекциялоочу ж. б. бактерияга каршы дарылар берилет. Алдын алуу үчүн малды азыктандырууда зоогигиеналык талаптарды сактоо зарыл.