ГАСТРОЭНТЕРОКОЛИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАСТРОЭНТЕРОКОЛИ́Т (гастрит... ж-а гр. tnteron – ичеги, kjlon – жоон ичеги) – карын, ичке ж-а жоон ичегини бир мезгилде жабыркаткан сезгенүү оорусу. Ал кээ бир бактериялар ж-а вирустар, уу металлдар, щелочтор, спирт, дары-дармек м-н ууланганда, дары ж-а тамактан болгон аллергияда көбүнчө катуу кармайт. Көп учурда бактерия жуккандан болот. Г-ке карын зилинин кычкылынын аз болуусу, витамин жетишсиздик, кара жумуш, алкоголь ичимдигин көп ичүү түрткү берет. Оору капысынан башталып, оорулуу кусат, ичи ооруйт ж-а өтөт, башы ооруйт, денеси ысыйт, алы кетип, кээде эстен танат. Жүрөк-кан тамыр системасында бузулуулар болот. Аны убагында жакшы дарылабаса өнөкөт түрүнө өтөт. Ал демейде кандайдыр бир органды – карынды (гастрит), ичке ичегини (энтерит) же жоон ичегини (колит) жабыркатат. Жеӊил учурунда 5–7 күндө жакшы болуп кетет. Дарылоо – ичеги-карын жолдорундагы сезгенүү процессине, инфекция ж-а ууланууга каршы жүргүзүлөт. Диетаны сактоо – аз-аздан 5–6 жолу тамактануу, сүрсүгөн, туздалган, куурулган тамакты, кара нан, ынак сүт ж. б. жегенге ж-а ичкенге болбойт. Белоктуу диета – эт сорпосу, майдаланган эт, быштак, үч күн турган кефир, айран, майсыз сыр, кайнап бышкан балык эти, сууга бышкан ботко, кургатылган же каткан ак нан, лимон м-н чай, компот берүү сунуш кылынат. Алдын алууда тамак-аштан уулануудан сактануу ж-а жеке гигиена эрежелерин сактоо, катуу кармаган Г-ти жакшы дарылоо зарыл.