ГАУПТВАХТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАУПТВА́ХТА (нем. Hauptwache – башкы күзөтчү) – тартип бузган аскер кызматчыларын камакта кармоо үчүн атайы жай. Гарнизондук ж-а аскердик (кемедеги) Г. болуп бөлүнөт. Г-да камалгандар үчүн жалпы ж-а жеке камералар, камалгандарды суракка алуу үчүн өзүнчө бөлмөлөр, сейилдөө жайы, кароолдук ж-а турмуш-тиричилик жайлар болот.