ГАФУРОВ Бобожан Гафурович
ГАФУРОВ Бобожан Гафурович [18(31). 12. 1908, Тажикстан, Согдия обл., Хожент р-ну, Исписар кыш. – 12. 7. 1977, Душанбе) – коомдук ишмер, чыгыш таануучу, тарыхчы. Тажик ССР ИАнын академиги (1951), СССР ИАнын академиги (1968), корр. мүчөсү (1958). Тажикстандын илимине эмг. сиӊ. ишмери (1967). 1931–35-ж. Москвадагы Бүткүл союздук коммунисттик журналистика ин-тунда окуган. 1936-жылдан Тажикстан КП(б) БКнын аппаратында инструктор, басма бөлүмүнүн, маданий агартуу секторунун башчысы, пропаганда ж-а агитация б-ча секретары, 1944–46-ж. Тажикстан КП БКнын экинчи секретары, 1946-жылдан биринчи секретары болуп шайланат. 1942–48-ж. СССР ИАнын Тажик филиалында Тарых, тил ж-а адабият ин-тунда тарых секторун жетектеп

турган. 1956–77-ж. СССР ИАнын Чыгыш таануу ин-тунун (Москвада) директору болуп иштеген. Эмгектери негизинен тажик элинин тарыхына арналган. «Таджики. Древнейшая, древняя и средневековая история» (1972) монографиясында О. Азия аймагында алгачкы адамдар коомунун пайда болушунан 18-к-дын орто ченине чейинки мезгил изилденип, тажиктердин, башка ортоазиялык элдердин Чыгыштын башка элдери м-н тарыхый байланышы кеӊири каралган. Г. Чыгыштын атактуу акындары, ойчулдары, окумуштуулары – Калидаса, Фараби, Фирдоуси, Бируни, Ибн Сина, Дехлеви, Гуру Нанак, Насими, Асири, Иклаба ж. б. ж-дө китептер жазган. Анын «Александр Македонский жана Чыгыш» деген эмгегинде Чыгыш-Батыш проблемасынын жаӊы аспектилери талкууланып, эллиндик цивилизациянын чыгыштык компоненттери ачылып берилет, антикалык дүйнөнүн мад-тынын өз ара таасири ж-а синтези чагылдырылат. Анын активдүү колдоосу ж-а башкы редакциялык коллегияга төрагалыгы астында эӊ көрүнүктүү чыгыш таануучу акад. В. В. Бартольддун эмгектеринин толук жыйнагынын басылышы ишке ашкан. Г. жетектеген ин-т чыгыш таануунун дүйнөлүк мааниге ээ ири борборуна айланган. СССР Жогорку Советинин (1946–62, 1966–70) депутаты болгон. 6 Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: История таджикского народа. 3 изд. М., 1955; Кушанская эпоха и мировая цивилизация. М., 1968; Таджики. Древнейшая, древняя и средневековая история. М., 1972; Ал-Фараби в истории культуры. М., 1975; Александр Македонский и Восток. М., 1980; Гафуров Б. Г. Избранные труды. М., 1985.
Ад.: Б. Г. Гафуров. Библиография. Душ., 1969. Ч. Жумагулов.