ГАЧЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́ЧЕВ Георгий Дмитриевич (1.5.1929, Москва – 23.3.2008, Москва) – ад-тчы, маданият таануучу, философ, филология илимд. доктору (1983), Россия ИАнын корр.-мүчөсү. ММУнун филология ф-тин бүтүргөн. Дүйнөлүк ад-т ин-тунда, Россия ИАнын Славян таануу ж-а балканистика ин-тунда иштеген. «Адабияттын тездетилген өнүгүшү» (1964) китебинин, «Көркөм формалардын мазмундуулугу. Эпос. Лирика. Театр» (1968), «Көркөм аӊ-сезимдин жашоосу. Образдын тарыхы боюнча очерктер» (1972), «Орус көркөм маданиятындагы образ» (1981) аттуу теор. эмгектердин автору. Ч. Айтматовдун чыг-лыгы б-ча «Сүйүү, адам, доор» (1965), «Чыӊгыз Айтматов жана дүйнөлүк адабият» (1982), «Дүйнөнүн улуттук образдары» (1988) сыяктуу эмгектерди жазган. Болгар Эл Респ. Кирилл ж-а Мефодий ордендеринин (1980), Болгар ИАнын София ун-тинин, Паисиа Хилем Дорский атн. сыйл. ээси (1980).
Ад.: Сидоров Е. О Георгии Гачеве и его книге//Г. Гачев. Национальные образы мира. М., 1988.