ГВАДАЛКВИВИР
ГВАДАЛКВИВИ́Р – Испаниянын түштүгүндөгү дарыя. Уз. 560 км, алабынын аянты 57 миӊ км2. Андалусия тоолорунан башталып, Андалусия ойдуӊу аркылуу акканда салааларга бөлүнүп, Атлантика океанынын Кадис булуӊуна куярда эстуарийди пайда кылат. Февраль – март айларында кирет. Орт. чыгымы 164 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Төмөнкү агымында кеме жүрөт. ГЭСтер курулган. Боюнда Кордова, Севилья ш. жайгашкан.