ГВИНЕЯ-БИСАУ
ГВИНЕ́Я-БИСА́У , Г в и н е я - Б и с а у Р е с п у б л и к а с ы – Батыш Африкадагы мамлекет. Чыгышынан ж-а түштүгүнөн Гвинея, түндүгүнөн Сенегал м-н чектешип, батышын Атлантика океаны чулгайт. Аянты 36,1 миӊ км2. Калкы 2,0 млн (2021). Борбору – Бисау ш. Мамл. тили – португал тили. Акча бирдиги Батыш Африка валюта союзунун франкы. Адм. Жактан 9 округка бөлүнөт (табл.).

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)
Г.-Б. – унитардык мамлекет. Конституциясы 1984-ж. 16-майда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Улуттук Элдик чогулуш. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Министрлер кеӊеши жүзөгө ашырат. Саясий партиялардын арасынан Гвинеянын ж-а Кабо-Верденин көз каранды эместигинин африкалык партиясы негизги ролду ойнойт.
Г.-Б. дээрлик экватордук алкакта жайгашкан. Рельефинде түздүк жерлер басымдуу, кээ бир жери саздак. Деӊиз деӊг. эӊ бийик жери 262 м (Фута-Жаллон платосу), төмөнкүсү Атлантика океанынын деӊгээли. Климаты экватордук-муссондук. Жайы жаанчыл, кышы кургак. Январдын орт. темп-расы 24°С, июлдуку 26°С. Жылдык жаан-чачыны: жээкте 2000 мм, ички аймактарында 1200–1500 мм. Кыска, бирок суусу мол дарыялары (Корубал, Жеба, Кашеу) бар. Өсүмдүктөрү токойлуу саваннадан дайыма жашыл тропик токоюна өтөт. Жээк тилкесинде мангр токою өсөт. Токой аянттарынын деградацияга учурашы экол. курч проблемага айланган (токой аянты жылына 1%ке кыскарат). Жаныбарлар дүйнөсү адамзаттын иш-аракетинен өтө жабыркаган. Сүт эмүүчүлөрдүн (108 түр) Африка ламантини, бегемот, маймыл, жаныш, кабылан, каман, жылан, крокодилдер ж. б. жандыктар, о. эле куштардын 314 түрү кездешет. Г.-Б-да аянты 721 миӊ га (деӊиз тилкеси м-н чогуу) болгон 7 коргоолуучу аймак (Болама-Бижагош биосфералык резерваты, Эл аралык маанидеги Лагуна-Куфада нымдуу-саздак жери ж. б.) бар.
Калкынын көбү (99%) – африкалыктар (баланте – 22,6%, фульбе – 20,9%, манде – 13,8%, ж. б.), о. эле европалыктар ж-а мулаттар да бар. Расмий тилинен (португал) тышкары Г.-Б-тар жерг. диалекттеги (73,9%) ж-а криуло тилинде да сүйлөшөт. Калкынын жашынын орт. узактыгы 46,9 жаш (эркектериники – 45,1; аялдарыныкы – 48,8). Динге ишенгендердин көбү (50–65%) жерг. динди тутат, о. эле мусулмандар (30–45%) ж-а христиандар (5–13%) бар. Эмгекке жарамдуу калкы 500 миӊ, анын 82% а. ч-да

иштейт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 40 киши. Ири шаарлары: Бисау, Бафата, Габу, Бисора ж. б.
Г.-Б-дагы элдердин байыркы ж-а о. кылымдагы тарыхы начар изилденген. 9–13-к-дын башында Г.-Б-нын аймагы Гана мамлекетинин, 13–15-к-да о. кылымдык Мали, 15-к-дан Сонгай мамлекетинин курамында келген. 15-к-да Африканын батыш жээктерине келген португалиялыктар Г.-Б. жерин кул жөнөтүүчү пунктка айландырып, 16–18-к-да Фарин, Кашеу, Бисау сыяктуу таяныч базарларын түзгөн ж-а жүз миӊдеген кулдарды Америка м-н Вест-Индияга жөнөтүп турушкан. Алар 19-к-дын башына чейин Г.-Б-нун жээктери м-н аралдарында айрым гана пункттарга ээ болсо, 19-к-дын соӊку чейрегинде Африканы бөлүштүрүү башталып, Г.-Б. жерин Улуу Британия м-н Франция талашкан; бул талаштар Г.-Б-нун Португалиянын көзөмөлүндө калуусуна шарт түзгөн. 1879-ж. чейин Г.-Б. Жашыл Тумшук а-ндагы португалиялык колониялардын губернатору тарабынан башкарылган. 1879-жылдан Г.-Б. өзүнчө колония болгон. 1956-ж. Г.-Б-нун улуттук рев-ячыл партиясы – Гвинея ж-а Жашыл Тумшук а-нын көз каранды эместигинин африкалык партиясы


(ПАИГК) түзүлгөн. 1973-ж. 24-сентябрда Г.-Б. көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланып, алгачкы президенти болуп Луис Кабрал шайланган. Кийинки жылы Португалия өлкөдөн өз аскерлерин чыгарып кетүүгө мажбур болгон. Банктар, ири компаниялар мамл. менчикке өткөрүлгөн. 1980-ж. 14-ноябрда генерал Ш. Б. Виейра төӊкөрүш жасап бийликке келет. 1992-жылдан өлкөдө көп партиялуу система киргизилген. 1998-ж. өлкөдө гражд. согуш тутанган. 2000-ж. президенттик шайлоодо К. Ялла жеӊишке жетишкен. Ал оппозицияга каршы катал саясат жүргүзүп, армияда «тазалоолорду» жасап, 2003-ж. сентябрда Ялла армия тарабынан бийликтен четтетилген. 2005-ж. Виейра кайрадан президент болуп шайланган. 2009-ж. Внейра аскердик козголоңдо каза болгон соң, өлкөдө бир нече жолу президенттик бийлик алмашкан. Өлкө экон. жактан артта калып, коррупция күч алган. 2019-ж. коррупциянын деңгээли б-ча Г.-Б. 180 өлкөнүн тизмесинде 168-орунда турган. 2019-жылдан ӨлкӨнүн президенти У.С. Эмбало.
Г.-Б. экон. жактан начар өнүккөн агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 1,2 млрд доллар (а. и. айыл ж-а токой чарбалары, балык улоо – 62%, өнөр жайы – 12%, тейлөө кызматы – 26%); аны киши башына бөлүштүргөндө 800 доллардан тура келет. Экспорт көлөмү – 54 млн доллар, импорт –104 млн доллар (2003). Г.- Б-нун а. ч-сы ИДПнин жарымынан көбүн өндүрөт (өлкөгө валютанын агып келишинин 80%ин түзөт). Шалы м-н жаӊгак (негизги экспорттук товарлар), жер жаӊгак, жүгөрү, пахта, чанактуу дан өсүмдүктөрү өстүрүлөт. А. ч-сы м-н балык улоо калктын экон. негизги багыты болгонуна карабастан, өлкө азык-түлүк м-н толук камсыз болбойт. Өндүрүшү негизинен а. ч. Продукциясын кайра иштетүү м-н алек. О. эле электр энергиясы (жылына 56 кВт . с) өндүрүлүп, жеӊил ж-а жыгач иштетүү, автомобиль оӊдоо өнөр жай тармактары иштөөдө. Темир жолу жок, автомобиль жолу – 4,4 миӊ км (453 кмине таш төшөлгөн). 28 аэропорт (эл аралык аэропорт Бисау ш-нда) бар. Негизги порттору – Бисау, Болама, Кашеу ж. б. Негизги соода шериктештери: Индия, АКШ, Нигерия, Португалия, Сенегал, Кытай.
Билим берүү системасы башталгыч, толук эмес орто ж-а орто билимди камтыйт. Биссауда Улуттук иск-во ин-ту, музыка ж-а бий мектеби, Улуттук ил.-из. ин-туту, Улуттук китепкана, Г.-Б. музейи, дизайн музейи, Этногр. музей ж. б. орун алган. 1975-ж. Мамл. маалымат агентчилиги негизделген. Мамл. телерадиоберүү компаниясы, үч менчик радиостанциясы бар. Ад-ты португал, француз ж-а креол тилдеринде өнүгүүдө. Жерг. Турак жайлар ар түрдүү түзүлүштө: өрүлгөн камыштан жасалган тик бурчтуу алачыктар, үстү самандан конус түрүндө жабылган үйлөр. Азыр европ. стилдеги имараттар тургузулууда. Сүрөт иск-восу көбүнчө аралдарда өнүккөн. Кызыл ж-а кара жыгачтан, о. эле пил сөөгүнөн өтүп кеткен муундардын келбетин, ырым-жырым буюмдарын, адам м-н жаныбарлардын бетин элестеткен беткептерди жасашат. Жыгачтан ж-а уйдун мүйүзүнөн курал жасоо (жаа, найза, жебе) кеӊири тараган. Г.-Б-нун музыка дүйнөсү негизинен фульбе, мандинка, баланте ж. б. элдердин каада-салттары м-н байланыштуу. Муз. аспаптары Батыш Африкага мүнөздүү.
Ад.: Лавренов Е. Л. Гвинея-Бисау. М., 1977; ГвинеяБисау// Страны мира. Справочник. М., 2006.