ГЕВАРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕВА́РА, Гевара де ла Серна Эрнесто (Че) (14.6.1928, Аргентина, Росарио – 9.10.1967, Боливия, Игерас) – латын амер. революционер, Кубанын мамл., саясий ишмери. Билими б-ча – врач. 1950-жылдардын аягында Ф. Кастро м-н бирдикте Куба рев-ясына жигердүү катышкан. 1959–61-ж. Кубанын Улуттук банкынын төрагасы, 1961-жылдан улуттук өнөр жай министри. 1965-ж. ээлеген кызматтарын калтырып, Латын Америка өлкөлөрүнүн элдеринин рев-ялык кыймылына катышуу үчүн Кубадан Боливияга келген. 1966–67-ж. Боливияда партизандык кыймылды жетектеген. Туткунга алынып, өлтүрүлгөн. Өзүнүн партизандык согушту жүргүзүү б-ча иштеп чыккан теориясынын аркасында «үчүнчү дүйнө» өлкө-

лөрүнүн көптөгөн революционерлери үчүн идеалга айланган.