ГЕ-ГУН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕ-ГУН , г я н ь - г у н – Кытайдын расмий тарыхнаамасынын эӊ алгачкы эстелиги Сыма Цзяндын «Тарых жазмаларындагы» («Ши-цзи») б. з. ч. 201-ж. эскерилген кыргыздардын энчилүү атынын кытай транскрипциясында (айтылышында) берилиши. Бул терминди орус кытай таануучусу И. Бичурин биринчилерден болуп ырастаган ж-а дүйнөлүк ил. чөйрөгө тааныткан. Совет мезгилинде хакас археологу Л. Р. Кызласов этнотерминдин кыргыздарга таандык экендигинен күмөн санап, ил. талашты туудурган. Сов. белгилүү кытай таануучу С. Е. Яхонтовдун пикири б-ча «хягас» түрүндөгү кытай транскрипциясы кыргыз деген сөздү туюндурат, ар кандай формада берилген кытай иероглифтериндеги терминдер (ге-гун, гянь-гун ж. б.) фонет. вариант катары эсептелип, кыргыз деген атты түшүндүрөт.
Ад.: Яхонтов С. Е. Древнейшие упоминания названия «киргиз»/СЭ, ¹ 2; Караев О. К вопросу о терминах кыргыз и хакас/НАА – 1970, ¹ 4.
Т. Асанов.