ГЕЗАРТ МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕЗАРТ МӨӉГҮСҮ – Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги ири мөӊгү. Уз. 8,5 км, аянты 9,8 км2. Араван-Сайдын сол курамы – Чили-Сайдын төрүндө. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 4900 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4350 м. Абляция облусунун аянты 5,3 км2. Көлөмү 0,83 км3. Мөӊгү 1914–63-ж. 1 кмге чегинген. Мөӊгүдөн Чили-Сай суусунун сол курамы – Гезарт башталат.