ВЕРНИСАЖ
ВЕРНИС́АЖ (фр. vernissage – лак м-н жабуу, жалтыратуу) – атайын чакырылган адамдар (сүрөтчүлөр, сынчылар, мад-т ж-а иск-во ишмерлери, тийиштүү мекемелердин ж-а уюмдардын, коомчулуктун өкүлдөрү ж. б.) катышкан көргөзмөнүн жабык кароосу же көрүүчүлөрдүн кеӊири массасына арналган көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы. В-дын аталышы качандыр бир кезде кеӊири тараган француз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмө ачылар алдында көргөзмө салонундагы картиналарды жалтыратып лактап койгон каада-салтынан келип чыккан.