ГЕЛИОБИОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕЛИОБИОЛО́ГИЯ (гелио... ж-а биология) – биофизиканын жердеги организмдерге Күн активдүүлүгүнүн өзгөрүшүнүн тийгизген таасирин изилдөөчү бөлүмү. Күн активдүүлүгүнүн мезгилдүү (он бир жылда кайталанат) өзгөрүшү Күндүн рентген, ультракызгылт көк ж-а радионурлануусунун ылдамдыгынын өзгөрүшүнө алып келет. Күн нурлануусунун мезгилдүү өзгөрүшү жердеги организмдердин тиричилик аракетине таасир тийгизет. Күн активдүүлүгүнүн өзгөрүшү дарактардын жылдык шакектеринин өсүшүнө, эгиндин түшүмүнө, курт-кумурскалар, балык ж. б. жаныбарлардын көбөйүшүнө ж-а миграциясына, о. эле адам м-н жаныбарлардын айрым ооруларынын пайда болушуна ж-а күчөшүнө таасир этери далилденген. Сов. окумуштуу А. Л. Чижевский нерв ж-а психикалык оорулардын күчөшүн Күн активдүүлүгүнүн өзгөрүшү м-н байланыштырган. Энтомолог А. Н. Шербинский чегирткелердин мезгилдүү учуп келиши күн ыргагына (он бир жылда бир) туура келерин байкаган. Гематолог Н. А. Шульц Күн активдүүлүгүнүн өзгөрүшү адамдын канындагы лейкоциттердин санына таасир тийгизерин, француз врачы М. Фор ж. б. окумуштуулар капысынан болгон өлүм ж-а өнөкөт оорулардын күчөшү да Күн активдүүлүгүнүн жогорулашына байланыштуу экендигин көрсөтүшкөн.