ГЕЛЬМИНТОЗДОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕЛЬМИНТОЗДОР – адам ж-а жаныбардын мите курттар – гельминттер пайда кылуучу оорулары. Козгогучтардын түрүнө жараша: трематодоздор (козгогучу – соргуч курттар), цестодоздор – (тасма курттар), немотодоздор (жумуру курттар) ж. б. болуп айырмаланат.
А д а м д а трематодоздон – описторхоз; цестодоздордон – дифиллоботриоз, тениидоздор, эхинококкоз; нематоздордон – аскаридоз, анкилостомидоздор, трихинеллёз, трихоцефалёз көп кездешет. Ар түрдүү гельминттер айрым орган ж-а ткандарды жабыркатат. Гельминттердин түрүнө ж-а жабыркаткан жерине, организмдин жалпы абалына ж. б. жараша оорунун белгилери ар башка болот. Г-до (жеӊил түрүндө да) оорулуу арыктайт, нерв системасы бузулат, алы кетип, башы айланат, эч нерсени сүйбөй, көӊүлү чөгөт ж. б. Эгерде мите ичегиде болсо ич катат же өтөт, жүрөгү айланып, чанда кусат; боордо мителик кылса, өӊү саргайып, ак шишик басат; өпкөдө болсо жөтөлөт, жумушка жарамдуулугу төмөндөйт; балaнын психикалык өөрчүүсү начарлайт, өсүүсү ж-а жыныстык жетилүүсү кечеӊдейт, унутчаак болот ж. б. Диагнозу мите куртту, анын жумурткасын табуу м-н аныкталат. Дарылоо митенин түрүнө жараша жүргүзүлөт. Алдын алуу үчүн жашылча-жемишти таза жууп, эт м-н балыкты жакшы бышыруу ж-а дегельминттөө жүргүзүлөт.
Ж а н ы б а р Г-у. А. ч., промыселдик ж-а жапайы жаныбарларда гельминттерин 2000ден ашык түрү мителик кылат. Мал Г. м-н жабыркаганда арыктап, кунардуулугу төмөндөйт; эти толук же жарым-жартылай жегенге жарабай калат. Аларда фасциолёз, дакроцелиоз, мониезиоз, эхинококкоз, ценуроз (көк мээ), аскаридоз ж. б. кездешет. Алдын алуу үчүн малга сапаттуу жем-чөп берүү, жаш малды өзүнчө багуу, кыкты жугушсуздандыруу, малды ж-а айлана-чөйрөнү дегельминттөө ж. б. зарыл.
Ад.: Гагарин В. Г., Гельминтозы овец Киргизии. Ф., 1963. Гельминтозы человека/Под ред. В. И. Лучшева, В. В. Лебедева. Краснодар, 1998.