ГЕМИГИЛЕЯ
ГЕМИГИЛЕ́Я (геми... ж-а гр. hele – токой), ч а л а г и л е я – Түн. ж-а Түш. жарым шарлардын субтропиктик, бир аз тропиктик ж-а мелүүн алкактарда өскөн нымдуу, дайыма жашыл ж-а (кыйла жогорку кеӊдиктердеги) жайында жашыл аралаш токой. Токой астында кызыл-коӊур, сары ж-а кызыл топурактар өөрчүйт. Гилея сыяктуу эле дарактарынын бийиктиги (45–55 м), көп ярустуулугу, түнт, чытырман токою, түргө байлыгы, лианалардын, дарак сымал папоротниктердин ж-а гүлдүү эпифиттердин көптүгү м-н өзгөчөлөнөт. Бамбук бадалдары, гигрофиль өсүмдүктүү саздар көп кездешет. Дайыма нымдуу океандык климаттык шартта өсөт; жаан-чачындын жылдык өлчөмү бардык жеринде 1000 ммден, айрым жерлеринде 5000 ммден ашык; абанын темп-расы сутка ичинде ж-а сезон б-ча бир аз гана өзгөрөт. Г. АКШнын түшбатышындагы, Бразилия бөксөтоосунун түшт үгүндөгү, Африканын түш.-чыгышындагы, Жаӊы Зеландиядагы ж. б. айрым жерлердеги тоолордун айдарым капталдарын ээлейт.