ГЕМОЛИЗ
ГЕМО́ЛИЗ (гемо… ж-а гр. lуsis – ажыроо, эрүү), э р и т р о ц и т о л и з – тышкы чөйрөгө гемоглобинди бөлүп чыгаруу м-н кандагы эритроциттердин бузулушу. Физиол. Г. эритроциттин жашоо циклинин бүтүшү (12 күндөй) адамдын ж-а жаныбарлардын организминде тынымсыз жүрүп турат. Анда күнүнө эритроциттин бүт массасынын 0,8% Г-ге учурайт. Ал көбүнчө көк боордо жүрөт. Эритроциттер ажыраганда андан бөлүнгөн (бошонгон) гемоглобинден өт пигменттеринин бири – билирубин пайда болот. Патол. Г. аз кандуулукта (Г-дик), гемоглобинопатияда байкалат. Анда эритроциттердин бузулушу боор, кемик, лимфа түйүндөрүнүн ж. б. клеткаларында, о. эле кан тамырларда жүрөт. Г-дин тубаса ж-а кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса Г-ге клеткадагы ж-а кан тамырдын ичиндеги Г-дик аз кандуулук мүнөздүү. Анда сарык, көк боордун чоӊоюшу, ретикулоцитоз ж. б. байкалат. Кийин пайда болгон Г-дин табияты аутоиммундук болуп, анда эритроциттердин ажырашы антителолордун пайда болуусунун эсебинен жүрөт. Эритроциттердин көп массасынын бузулушу (мис., Г-дик аз кандуулукта) организмдин оор абалга (Г-дик шок) ж-а өлүмгө учуратышы мүмкүн. Консерваланган кан көпкө сакталганда Г. жүрүп, куюуга жараксыз болуп калышы ыктымал.