ВЕРСАЛЬ-ВАШИНГТОН СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРС́АЛЬ-ВАШИНГТ́ОН СИСТЕМАСЫ – биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Париж ж-а Вашингтон конф-яларынын чечимдеринин негизинде калыптанган эл аралык мамилелер системасы. В.-В. с-на Версаль тынчтык келишими (1919) ж-а ага тыгыз байланыштуу болгон Сен-Жермен тынчтык келишими (1919), Нёйи тынчтык келишими (1919), Севр тынчтык келишими (1920), о. эле Вашингтон конференциясында (1921–22) кабыл алынган келишимдер ж. б. негиз болгон. Эл аралык мамилелердин В.-В. с. биринчи жолу дүйнөдө коллективдүү коопсуздукту камсыз кылуу, элдерге өз тагдырын өзү чечүү укугун берүү, эл аралык мамилелердин бардык субъектилеринин теӊ укуктуулугун бекемдөө, ачык дипломатия жүргүзүү принциптерин түзүүгө аракеттенген. Аталган системада эл аралык конфликттерди жөнгө салуу б-ча өзгөчө роль Улуттар Лигасына таандык болгон. Бирок аталган принциптер ишке ашырылган эмес, согуштан кийин жеӊилген мамлекеттердин, алардын калкынын тагдырын чечүүдө Антанта өлкөлөрүнүн саясаты нааразылыктарды туудуруп, Европада ж-а Ы. Чыгышта мамлекеттердин ортосундагы жаӊы чыр-чатактардын келип чыгышын шарттаган. АКШ, СССР (Улуттар Лигасына 1934-ж. кирип, 1939-ж. кайра чыгарылган) ж-а Германия (1926-жылдан 1934-ж. чейин гана мүчө болгон) сыяктуу өлкөлөр алгач Улуттар Лигасына кирбей калган. Япония, Германия, Италия, кийинчерээк СССР сыяктуу өлкөлөр дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүүнү талап кыла башташкан. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы м-н В.-В. с. толук кыйраган.