ГЕОАНТИКЛИНАЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОАНТИКЛИНА́ЛЬ (гео..., анти… ж-а гр. klino – ийилүү) – жер кыртышынын геосинклиналь аймактарынын чегинде жекече, узак убакыт бою, акырындык м-н көтөрүлүүсүнөн пайда болгон айрым бөлүгү. Анын туурасы ондогон, узуну жүздөгөн кмге чейин жетет. Г. геосинклиналдан тоо тек катмарларынын дайыма эле чөгө бербеши, көбүнчө алардын бирдей эмес жайгашуусу, анча калыӊ болбошу, метаморфизмдин начар өнүгүшү ж. б. м-н айырмаланат. Анын пайда болушу көбүнчө бир нече геол. мезгилге созулат. Геосинклиналдын өнүгүшүнүн акыркы стадиясында Г. бүктөлмө тоо системаларынын борб. бөлүгү (ядросу) болуп калат. Азыркы Г-дарга Курил а., Малайя архипелагы, байыркы Г-дарга Урал тоолору, Кырг-нда Фергана тоо тизмеги, Нарын кырка тоосу ж-а Кыргыз Ала-Тоосу кирет.