ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛ – жер бетиндеги кандайдыр бир пункттун же ареалдын андан тышкары жаткан объект же аймакка карата жайгашуу абалы. Математикада Г. а. – ошол пункттун же жердин узундугу ж-а кеӊдиги; физ. географияда – алардын физ.-геогр. объектиге (тоо, дарыя, көл, деӊиз, океан ж. б.) карата абалы. Экон. ж-а саясий географияда Г. а. – өлкөнүн, райондун, кыштактардын ж. б. Объектилердин башка экон.-геогр. объектилерге (жол катнашы, рынок, чарба борборлору ж. б.) ж-а физ.-геогр. объектилерге карата абалын билдирет. Г. а. – өлкөнүн, райондун, шаардын өнүгүшүнүн зарыл шарттарынын бири. Г. а-дын практикалык мааниси түрдүү коомдук-экон. формацияда өзгөрүп турат.