ГЕОГРАФИЯЛЫК АТАЛЫШТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОГРАФИЯЛЫК АТАЛЫШТАР , т о п о н и м д е р – жер бетиндеги геогр. объектилердин – материк, океан, деӊиз, агым, дарыя, көл, арал, тоо, мамлекет, айыл-кыштак, көчө ж. б-дын энчилүү аттары. Г. а-дын суммасы топонимиянын калыптануу процессинде ж-а азыркы салыштырмалуу туруктуу абалында закон ченемдүү кайталанып туруучу системаны же өзгөчөлүктөрд үн ж-а белгилердин жалпылыгын пайда кылат. Мындай система түрдүү өлкөлөрдө дайыма түрдүү мезгилди ж-а тилдерди камтыйт. Анткени ал өлкөнүн тарыхын ж-а анда жашаган элдердин тилин чагылдырат. Айрым Г. а. заманга жараша бир нече жолу кайталанат. Мис., совет мезгилинде көптөгөн айыл, кыштак, колхоз, совхоздор Комсомол, Октябрь, Ленин, Биринчи Май деп аталган. Түрдүү тилде түрдүүчө аталып, бирок мааниси бир аталыштар да бар; мис., орустун – Новгород, италяндын – Неаполь, тажиктин – Новабад, англистин – Ньюкасл, өзбектин – Янги Шахар ж. б. «жаӊы шаар» маанисин берет. Г. а-дан айрыкча гидронимдер – көл, дарыя, океан ж. б.; оронимдер – тоо, тоо кырка, чоку, дөбө; ойконимдер – калк отурукташкан жерлердин аттары ж. б. туруктуулугу м-н өзгөчөлөнөт. О. эле микротопонимдер да өзүнчө бөлүнөт; мис., коо-колот, чабыт, кудук, жайыт, булак, босого, айлампа ж. б. анча чоӊ эмес геогр. объектилердин аталыштары. Г. а-дын бул тобу курамы б-ча ар түрдүү келет, бирок, жерг. элге гана белгилүү болот. Айрым топонимдер жеӊил чечмеленип, мааниси айкын болсо, кээ бирлеринин этимологиясы татаал, алардын маанисин чечмелөө кыйла түйшүктү пайда кылат. Айрымдарын ар кандай себептерден улам чечмелөө мүмкүн болбой, табышмак бойдон калат. Г. а. негизинен элдин чыг-лыгы болуп саналат. Алар геогр. шарттарды, тарыхты, экономиканы, саясатты, тилдерди, мад-тты ж-а цивилизацияны айкындайт. Практикада Г. а-дын туруктуулугунун, тилден тилге өтүү принциптеринин мааниси зор. Топонимдерди системалык түрдө изилдөө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө 20-к-дын экинчи жарымынан башталган. Кырг-ндын жер-суу аттарын изилдөөдө С. Өмүрзаков, Э. М. Мурзаев, Д. Исаев, К. Конкобаев, Ш. Жапаров ж. б. зор салым кошкон. Г. а-ды топонимика илими изилдейт.
Ад.: Жучкевич В. А. Общая топонимика. 2-изд. Минск, 1968; Мурзаев Э. М. Происхождение географических названий // Советская география. Итоги и задачи. М., 1960; ошол эле. Словарь народных географических терминов. М., 1984; Никонов В. А. Введение в топонимику. М., 1965; Поспелов Е. М. Топонимика и картография. М., 1971; Умурзаков С. У., Кешикбаев А. А., Махрина Л. И. и др. Словарь географических названий Кыргызской ССР. Ф., 1988; Исаев Д. Жерсуу аттарынын сыры. Ф., 1977; Конкобаев К. Топонимия Южной Киргизии. Ф., 1980; Бараталиев Ө., Дүйшөнакунов М., Мамбетжунушев Т. Кыргызстандын жер-суу аталыштарынын сөздүгү. Б., 2004.
Ө. Бараталиев.