ГЕОГРАФИЯЛЫК АЧЫЛЫШТАР
ГЕОГРАФИЯЛЫК АЧЫЛЫШТАР – геогр. жаӊы объектини же георг. Закон ченемди табуу. Географиянын алгачкы калыптануу мезгилинде мурда (негизинен европ-тар үчүн) белгисиз аймак деп аталган геогр. объектилер, өлкөлөр, региондор басымдуулук кылган. Аймактык ачылуулар, жаӊы аймактарды басып алуу, экон. ж-а аскердик эрегиштик, колониялык империянын пайда болушу Байыркы дүйнөнүн ж-а алгачкы о. кылымдын элдеринин геогр. кругозору кыйла кеӊейишине түрткү болгон. Г. а. жер бетинин картасын (алгачкы адам тарткан сүрөттөн азыркы карталарга чейин) түзүүгө өбөлгө болгон. Жер шары ж-дөгү жалпы геогр. түшүнүктүн калыптануу чеги Васко да Гаманын экспедициясынан ж-а Ф. Магеллан ж. б-дын дүйнөнү айланып чыккан саякаттарынан, 15-к-дын аягы –16-к-дын башталышында географиялык улуу ачылыштардан кийин башталган. 18-к.–19-к-дын башталышындагы эӊ ири экспедициялар (Ж. Куктун, Л. А. де Бугенвилдин дүйнөнү айланып чыккан саякаттары, Ж. Ф. Лаперузанын, Ж. Дюмон-Дюрвилдин ж. б-дын экспедициялары) атайын (соода, промыселдик, транспорттук, аскердик максатты гана аткарбастан), о. эле ил. из. иштерин да жүргүзүшкөн. Россияда 18-к-дагы ил. ири саякат – 2-Камчатка (Улуу Түндүк) экспедициясы болгон. Аймакты ачуунун белгилү бир деӊгээлдеги аналогу – о. эле 20-к-да деӊиз ж-а океан тамандарын картага түшүрүдөгү ачылуулар болгон. 20-к-дын орто ченинде аймакты ачуу дээрлик аяктаган (кургактыктын ж-а Дүйнөлүк океандын таманынын айрым бөлүктөрүнөн башкасы); кургактыктын зор бөлүгүн текши топографиялык сүрөткө түшүрүнүн натыйжасында ири масштабдуу топографиялык карталар түзүлгөн. Геогр. илимдерге таандык болгон закон ченемдерди ачыш алардын ар биринин изилдөө объектилерине байланыштуу, к. География.
Географиянын тарыхындагы өтө маанилү аймактык ачылуулар
(кашаанын ичинде экспедиция уюштурган өлкө ж-а экспедициясынын жетекчиси же катышуучулар). Б. з. ч. 6-к. Карфагенден Жер ортолук деӊиз, Батыш Африканы бойлоп, Атлантика океаны б-ча (Карфаген; Ганнон) саякат. Б. з. ч. 4-к. Массалиядан Гибралтар кысыгы аркылуу Түн. Атлантикага саякат (Грекия; Пифей). Б. з. ч. 330–325. Иран тайпак тоолору аркылуу О. Азияга ж-а Индияга жортуул (Македония; Александр. Б. з. ч. 138–126. Кытайдан Тарим д-нын алабына ж-а О. Азияга саякат (Кытай; Чжан Цянь). 10-к. Нормандардын Гренландияга ж-а Түн. Америкага саякаттары (Норвегия; Бьярни Херюльфсон ж. б.). 1271–95. Жер Ортолук деӊиз, Кавказ, Памир аркылуу Чыгыш Кытайга саякат (Италия; Марко Поло). 1325–52. Батыш, Түн. ж-а Чыгыш Африка, Арабия, Волга бою, О. Азия, Индия ж-а Кытайга саякат (Марокко; Ибн-Баттута). 1492–1503. Атлантика океанынан өтүп, Вест-Индия а-н, Борб. Американы (Америка материгин) ачуу (Испания; Х. Колумб). 1497–98. Африканы айланып, Европадан Индияга океан аркылуу 1-жолу жетүү (Португалия; Васко да Гама). 1498–1502. Түш. Америкага саякат (Испания, Португалия; Америго Веспуччи). 1519–22. Жер шарын 1-айланып чыгуу деӊиз саякаты (Испания; Ф. Магеллан, С. Элькано). 1733–43. Экинчи Камчаткалык (Улуу Түндүк) экспедиция. Бир нече ири (акад. ж-а деӊиздик) отряддардан турган (Россия). Акад. отряддар Түш., Батыш ж-а Чыгыш Сибирди (Г. Миллер, И. Гмелин), Камчатканы (1737–41-ж., С. Крашенинников) изилдеген; деӊиздик отряддар Евразия материгинин түн. жээктерин ж-а аларга жакын райондорду (Архангельскиден Колыма д-нын чатына чейин), Анадырь д-нын алабын изилдеп, картага түшүргөн (1734–42, С. Малыгин, Д. Овцын, В. Прончищев, Х. ж-а Д. Лаптевдер, С. Челюскин ж. б.); 1741-ж., Түн. Американын түн.-батыш жээктерин ж-а Тынч океандын түндүгүндөгү бир катар аралдарды ачуу (В. Беринг, А. Чириков). 1768–79. Жер шарын үч жолу айланып чыгуу деӊиз саякаты, ил.-из-лөр, бир катар аралдарды, кысыктарды ж. б. ачуу, картага түшүрүү (Улуу Британия; Ж. Кук). 1799–1804. Түш. Американын түн. бөлүгүн, Мексика тоолорун изилдөө (Германия, Франция; А. Гумбольдт, Э. Бонплан). 1849–56, 1858–64, 1866–73. Түш.-Чыгыш Африканы (Замбези д-н, Улуу Африка көлдөрүн, Чыгыш Африканын жээктерин) ж. б. изилдөө (Улуу Британия; Д. Ливингстон). 1870–85. Борб. Азиялык төрт жолку экспедиция. Монголия, Кытай, Тибетти, Таримдин алабын ж-а Жуӊгариянын тоолорун, чөлдөрүн изилдөө, картага түшүрүү, жаратылышын, калкын мүнөздөө (Россия; Н. Пржевальский). 1893–96. Түн. Муз океан б-ча экспедициялык кеменин 1-жолу калкып (дрейф) жүрүп, изилдөөлөрдү жүргүзүшү. Борб. Арктиканын тереӊ деӊиз алабы экенин аныктоо (Норвегия; Ф. Нансен). 1909. Түндүк уюлга жетүү (АКШ; Р. Пири). 1911–12. Түштүк уюлга жетүү (1911: Норвегия, Р. Амундсен; 1911–12: Улуу Британия, Р. Скотт). 1950–70. Дүйнөлүк океанды эл аралык ил. программа б-ча системалуу изилдөө (СССР, АКШ ж. б. өлкөлөр). 1957–58. Эл аралык геогр. жыл. Бирдиктүү ил. программа м-н Арктика, Антарктида, дүйнөлүк океан ж. б-ды комплекстүү изилдөө, маанилүү Г. а-ды (СССР, АКШ ж. б. өлкөлөр) жасоо. 1965–74. Антарктиданы эл аралык экспедициялар тарабынан үзгүлтүксүз комплекстүү изилдөӨ.
Ад.: Бейкер Дж. История географических открытий и исследований / Пер. с англ. М., 1950; Хенниг Р. Неведомые земли / Пер. с нем. Т. 1–4. М., 1961–63; Магидович И. П. Очерки по истории географических открытий. М., 1967.